Жалал-Абаддын 17 айылында ветеринар жок

Жалал-Абад облусунун 17 айыл өкмөтүндө бүгүнкү күндө бир да мал доктур жок. Облустагы бодо-мал, кой-эчки, жылкы жана башка үй жандыктарын тейлөө үчүн 1 200 ветеринар жана адис керек. Азыр болгону 300ү иштөөдө.Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Аскаров билдирди.Анын айтымында, айлык акынын аздыгынан жаштар иштегиси келбейт.Дагы 10-15 жылдан кийин ветеринардык адистер табылбай калуусу ыктымал, себеби, иштеген адистер пенсияга чыгып кетет. Аскаров ошондой эле мамлекет 22 мал ылаңынын алтооно каршы гана каражат бөлөөрүн айтты. (YA/RK)