Ишкерлер "Кумтөрдү" улутташтырууга каршы

Кыргызстандын ишкерлери Кумтөрдү улутташтырууга же ал боюнча келишимди жокко чыгарууга каршы. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өкмөт менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Бизнесмендер Кумтөрдүн тегерегиндеги талкуу саясый жакка ооп кеткенине каршылыгын айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирүүдө. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67% кылуу боюнча талаптарды популизм деп атады.

Өкмөт Кумтөр боюнча келишим долбоорунун акыркы вариантын парламентке 21-январда алып келген. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" ишканасындагы Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүүнү талап кылып жатат, өкмөт 50%дан жогорулатуу мүмкүн эмес деп үчүнчү ирээт билдирүүдө. Оппоненттер азыркы бийлик бул маселеде улуттук кызыкчылыкты эске албай жатат деп сындоодо. (RK)