Сокулукта бир адам өрт кырсыгынан каза тапты

Чүйдүн Сокулук районунда бир адам өрт кырсыгынан каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ново-Павловка айылындагы Школьная көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайда өрт чыккан.Кырсык болгон жерден 42 жаштагы Кенжебек Бадакеевдин түтүнгө ууланган сөөгү табылган. Өрттүн себеби такталууда.Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. (RK)