Александр Барыкиндин сөөгү жерге берилди

Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген белгисиз топ менен кармашып, каармандарча курман болгон Александр Барыкиндин сөөгү 26-январда Каракол шаарында аскердик сый-урмат менен жерге коюлду. Зыйнатка кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер, Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Маркумдун сөөгү мамлекеттик желек менен жабылып, коштошуу учурунда асманга залп атылды.

Александр Барыкин – Ысык-Көлдөгү Аңчылык бирикмесинин жетекчиси болгон. 63 жаштагы аңчы 23-январда Жети-Өгүздөгү Бикиртик чек ара тилкесине жакын жерге мыйзамсыз кирип келген топ тууралуу кыргыз чек арачыларына маалымат берүүгө үлгүргөн. Чек арачылар келгенче өзү алар менен кармашып, экөөнү өлтүрүүгө жетишкен. Саны жагынан көптүк кылган белгисиз топ аңчыны өлтүрүп, куралын тартып алышкан. Кийинчерээк жетип барган чек арачылар белгисиз топту жок кылышкан.

Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.(MK;ZKo)