Каирде дагы бир жардыруу болду

Каирдин чыгышында жайгашкан Полиция академиясынын жанында чакан бомба жарылган. Андан бир адам жарадар болгону кабарланууда. Кечээ Каирде полиция кызматкерлерине каршы жасалган бир нече жардыруудан улам 6 адам мерт кеткен. Ишембиге түрдүү саясий күчтөрдүн экс-президент Хосни Мубарактын кетишинин үч жылдыгын белгилеген жөө жүрүштөрү белгиленген. Укук коргоо органдары коопсуздук чараларын күчөттү. (AiK)