Нарын: муздак дубалдар

Бир кезде күүлдөп иштеп турган эт комбинаты жеке менчикке өткөндөн кийин ушундай абалга келген. 

Союз маалында Нарын агрардык аймак болгондуктан республиканы эт менен камсыздоого зор салым кошкон.

Керектүү темир-тезегинен, жарактуу кыштарынан ажыраган имаратты көргөн адамдын боору ооруйт. 

Эт комбинатынын бөлмөлөрүнүн биринде тактай тилген жабдык орнотулган. 

Эт комбинатынын тешилген дубалы.

Аңырайган терезе.

Бул жерде илгери нан жасашчу. 

Бул сүттү кайра иштетүүчү завод болгон. Азыр анча-мынча эле темирлери калды.

Сүт заводдон быштак, айран, май, каймак, сыр өндүрүлчү.

Бул темир бетон заводу облустагы эң ири заводдордун бири болгон. 

Шаардагы турак үйлөрдүн көпчүлүгү мына ушул заводдун курулуш каражаты менен салынган.

Миңге чукул адам эмгектенген завод азыр бомба түшкөн шаарды элестетет.

Темир бетон заводунун негизги делген жабдыктары Кытайга темирге өтүп кеткенин айтып жүрүшөт.

Ошол кезде тыным албаган бул крандын кыймылсыз турганына 20 жылдан ашты.

 

Кезинде жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылып турган завод эми минтип бир кароолчунун маянасын төлөп бере албаган абалда.

Жылдан-жылга тонолуп отуруп эми төрт дубалдан башка эч нерсеси жок.

Бул заводдор кеминде 500дөй адамды жумуш менен камсыз кылып, шаарга эмес облуска керектүү товар өндүрүп турган. Келечекте деле аталган заводдорду кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 20 жылдан бери Нарын облусунда бир да чакан завод курула элек.

Балдар темир-бетон заводдун терезесин талкалап ойношот.

Бул жараксыз кыштар жаткан жерде бир кезде жогорку сапаттагы кыш чыгарган завод турчу десе эч ким ишенбейт.

Кыш заводунан ырымга калган төрт дубал...