Украина: Янукович оппозиция менен жолугушууда

Украинада президент оппозиция лидерлери менен жолугушуп жаткандыгы кабарланууда. Соңку кабарларга караганда, Киевде президент Виктор Янукович оппозициянын үч жетекчиси менен кризисти талкуулап жатат.

Мунун алдында оппозиция лидери Арсений Яценюк твиттерде президент Виктор Янукович аны дагы эки киши менен бүгүн түштөн кийин сүйлөшүүгө чакырганын жазган эле.

Бүгүн Киевде полиция кандуу кагылыштар болгон жайдагы тосмолого чабуул жасап, демонстранттарды кубалады. Бирок көчөлөрдө демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышса, тартип коргоочулар ачуу газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушту.

Бүгүн ошондой эле эки демонстрант ок жаңылып набыт болгону тастыкталды.

Европа Биримдигинин тышкы иштер саясатын тейлеген баш өкүл Кэтрин Эштон Киевдеги өткөн түндөгү зордукчул окуяларды катуу айыптаган билдирүү жасады.