Бажы биримдигине каршы акция

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна каршы болгондордун акциясы өттү. Нааразылык акциясын "Реформа" партиясы жарандык коом активисттери менен бирге уюштурууда. Учурда Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстан алгач "кошулуу керек" деген саясий чечимин жарыялап, кийин "биздин кызыкчылыктар эске алынган шартта гана киребиз" деп позициясын өзгөрткөн.