Чек ара: калктуу жайлардан аскерий бөлүктөр чыгарылат

Кыргыз-тажик чек арасындагы калктуу конуштарда жайгашкан аскерий бөлүктөр чыгарылат. 15-январда Тажикстандын Исфара шаарында эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жооптуу кызматкерлеринин жолугушуусунда ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Чек ара бөлүктөрүнүн жайгашкан жерлерин эки тараптуу биргелешкен комиссия текшерип чыгат. Андан сырткары, комиссия чек ара бекетиндеги аскерий техникаларды карап, уруксат берилбегендерин – минемот сыяктуу куралдарды чыгарып салуу чечимин кабыл алат. Андан соң кайрадан эки өлкөнүн тийиштүү кызматынын жетекчилери жолугуп, андан аркы пландарды талкуулашат.

Исфарадагы жолугушууда кыргыз тараптан Өкмөт алдындагы коргоо жана укук тартип бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Алик Мамыркулов, Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы ордо зардалы, полковник Искендер Мамбеталиев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча Чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын жектекчилиги барды.

Тажик тараптан сүйлөшүүлөргө Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Кахаров, УКМК Чек ара аскерлеринин колбашчысы, генерал-лейтенант Раджабали Рахмонали, ички иштер министринин орун басары генерал-майор Раджабов жана Согду облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жетекчилиги катышты.

11-январда Баткендин Ак-Сай айыл аймагында тажик-кыргыз чек арачыларынын арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. Чатак Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылыгынан улам келип чыккан. (SE)