Ош базарындагы бир күн

Акы төлөп, машине токтотчу жайлар киреше берчү бизнеске айланган. 

Базардын кире беришинде корей салатын саткандар орун алган.

Базардын дарбазасынын алдындагы машине токтоочу жер.

Жол кайгуул кызматкерлери кыймылды тартипке салууга аракет кылууда. 

Базардын жүрөгү бул - радиотүйүн. Бул жерден ар кандай жарыяларды угууга болот. 


Базар милициясы.

Машине токтоочу жайлар базардын бардык тарабында жайгашкан. Баары бекер эмес!


Айдоочулар да, жүргүнчүлөр да жол эрежесин сактабайт. 

Пияз менен, май менен, зире менен айтор, нандын бардык түрүн базардан табасың.


Шыпыргы жайдыр-кыштыр керектүү буюм. 

Эх, таттуулар...





Тамак саткан жерден эки кадам ары кийим-кече жайнап турат. 

Кууш жерден соода кылганда чөнтөктү абайлаңыз!

Колдо жасалган томат.

Килем саткан кычыкты араң табасыз.