Өткөн жылы 448 кыргызстандык жаран Орусиядагы кыргыз элчилигине жардам сурап кайрылды. Алардын баары өздөрү иштеп жаткан мекеме-ишканалардан эмгек акысын ала албай жүргөнүн айткан. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Элчиликтин кийлигишүүсү менен арызданган жарандар үчүн жалпысынан 5 миллион рублдан ашыгыраак акча өндүрүлгөн.
Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын укугу көбүнчө соода, курулуш, тейлөө тармактарында бузулары элчиликтин анализинде айтылат. (SE)