Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Ясукуниге - ар кыл согуштарда курман болгон жоокерлердин арбактарына сыйынуучу мемориалга барган себептерин Кытай менен Түштүк Кореяга түшүндүрүп берүүнү каалайт. Дүйшөмбүдө жылдык маалымат жыйында премьер Абэ Кытай менен Түштүк Кореянын лидерлери катышкан саммит өткөрүү ниети бардыгын билдирди.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Абэнин Ясукуни күмбөзүнө барганын “эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүнүн эшигин жапты” деп билдирген.