Бишкекте төрт эм төрөлдү

Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө Жаңы жыл алдында төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" төрөт үйүнүн дарыгери Мурат Бектурсунов кабарлады. Анын айтымында, балдар 30-декабрда операция жолу менен алынды - эки кыз, эки уул. Тилекке каршы, эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калды. Калган ымыркайлар 1 кг 400 гр, 2 кг 10 гр, 2 кг 309 гр болуп төрөлдү. Учурда үчөөнүн тең абалы туруктуу, реанимация бөлүмүндө доктурлардын көзөмөлүндө жатат. Энеси - Бишкектин "Келечек" жаңы конушунун 30 жаштагы тургуну Бактыгүл Молдотаева буга чейин эки бала төрөгөн. Анын да абалы туруктуу.

Былтыр Бишкекте төрт үч эм жана бир төрт эм төрөлгөн болчу. (RK)