Волгоградда кыргызстандыктар иштеген базар жабык турат

Орусиянын Волгоград шаарында кыргызстандыктар иштеген базар жабык турат. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Волгоградда жашаган мекендештердин “Достук” уюумунун жетекчисинин орун басары Кенжебек Абдылдаев билдирди. Ал ошондой эле соңку окуяларга байланыштуу Жаңы жылдык маанай жок экенин, эл коркуп жашап жатканын айтып берди:

- Бул жакта кыргыздар аз элебиз. Тактап-сураштырдык, жабыркагандар арасында кыргыздар жок. Шаардын ар жеринде полиция кызматкерлери көп жүрөт. Кыргыздар иштеген базарды 4-январга чейин жаап, тегерегин тосуп турушат. Элде жаңы жылдык маанай деле жок. Эл көп жерге баргандан, коомдук транспортко түшкөндөн коркуп калды. Биз кыргыздар менен байланышып турабыз.

"Замандаш" ассоциациясынын маалыматы боюнча, Волгоградда 50гө жакын кыргызстандык бар. Декабрдын соңку күндөрү Орусиянын Волгоград шаарына эки жолу террордук чабуул жасалып, жанкечтинин темир жол вокзалындагы жана троллейбустагы жардырууларынан 34 адам набыт кетти. (KE/RK)