Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, силкинүү кечээ түнкү 10дон өткөндө катталды. Жердин титирегени Көк-Жаңгак шаарында 2 балл, Жоон-Күңгөй, Кара-Булак, Саты, Таран-Базар жана Кара-Алма айылдарында 3 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)