Сокулукта өрт кырсыгынан эки миң тоок кырылды

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Селекция айылында жайгашкан тоок фермада кечээ өрт чыгып, эки миңдей тоок кырылып калды. Бул тууралуу бүгүн акимчиликтен кабарлашты. Кырылган тоок Романовка айылынын четиндеги атайын жайга бүгүн көмүлөт. Кырсыкка электр зымын туташтыруудагы этиятсыздык себеп болгону айтылууда. Өрт тоокту дарылоочу бөлүмдөн чыккан, калган бөлүмдөр жабыркаган жок. (RK)