Аба ырайы

Шашылыш билдирүү:

22-23-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100км) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы:

Синоптиктердин билдиришинче, 22-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2...-7,
Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8,
Баткен облусунда -7…-12, күндүз -1…-6,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, чыгыш тарабында -8...-13, күндүз -2…-7,
Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -11…-16,

Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -9…-11, күндүз -3...-5 градус болот.