Ходорковский Берлинге учуп келди

Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусияда бүгүн түрмөдөн чыгарылган ишкер Михаил Ходорковский Берлинге учуп келгенин билдирди. ЮКОСтун мурдагы башчысы Михаил Ходорковский Кремлдин сынчысы катары таанылган. Өзүнө каршы “салыктан качкан, көз боемочулук кылган” деген айыптарды ал “саясий себептер” менен түшүндүрүп келди. 10 жылдан ашуун түрмөдөн отурган ишкерге президент Путин ырайым берээри тууралуу күтүүсүздөн эле кечээ жылдык пресс-конференциясы өткөндөн кийин жарыялаган эле. 50 жаштагы Ходорковский 2003-жылы камалган жана эки ирет соттолгон. Анын жаза мөөнөтү келээрки жылы августта бүтмөк.