Аэропортторду оңдоого 2 млрд. сомго жакын бөлүнөт

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2014-жылдагы бюджеттин долбоорун талкуулап жаткан учурда билдирди. Анын айтымында, “Манасты” кошкондо жер-жерлердеги аэропортторду реконструкциялоо ишине келерки жылы 1 млрд. 703 млн сом каражат бөлүнөт. Бул каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, ишканалардын эсебинен каралган. Мунун ичинен Баткен, Исфана жана Ош аэропортун реконструкциялоону аягына чыгаруу пландалууда. Өкмөт Ысык-Көл аэропортун кийинки курорттук сезонго даяр кылып, бардык учактарды кабыл алабыз деп ишендирди. (КЕ)