Нелсон Манделанын сөөгү жерге берилди

Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти Нелсон Манделанын сөөгү Түштүк-Капск провинциясындагы Куну кыштагына коюлду. Манделаны акыркы сапарга узатууга беш миңдей киши, алардын ичинде бир катар африкалык лидерлер, британ канзаадасы Чарльз, АКШ, Орусия, Улуу Британиянын элчилери катышты.

10-декабрда Йоханнесбург шаарында өткөн мамлекеттик тажыяга дүйнөнүн жетимиштей өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан.

Африкадагы апартеидге каршы күрөштүн каарманы, 27 жыл түрмөдө отурган, Түштүк Африка Республикасынын биринчи кара түстүү президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты Нелсон Мандела 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган.