Баткен: Исфара-Чорку жолу ачылды

Август айынан бери жабык турган Баткендеги Исфара-Чорку жолу ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков кабарлады.

Тажикстан тарап жолду август айында президенттик шайлоого карата жаап койгон эле. Мындан улам аталган жолдун боюна жайгашкан Баткендин Достук айылынын тургундары облус борбору менен байланыша албай кыйынчылык тартып жатышкан. Буга байланыштуу аталган айыл тургундары декабрь айынын башында облустук бийликке жолду ачууну өтүнүп, кайрылуу жолдошкон. Мындан соң облус бийликтери коңшу өлкөнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, жол ачылды.(JsA\BkA)