Бюджет боюнча парламенттик угуу өтөт

Бүгүн Жогорку Кеңеште 2014-жылдын бюджети боюнча парламенттик угуу өтөт. Өкмөт мүчөлөрү кийинки жылдын бюджети тууралуу маалымат берет. Угууга жарандык коом өкүлдөрү, адис эксперттер катышат. 2014-жылдын бюджетин Жогорку Кеңеш жыйынында талкуулап баштаган.

2014-жылдагы бюджеттин кирешеси 90 млрд. сом, чыгаша 109 млрд. сом деп эсептелүүдө. Кийинки жылы бюджетте 18 млрд. сомдун тегерегинде тартыштык болот деп болжолдонууда.(BkA)