Сатыбалдиев: Милициянын айлыгы көбөйөт

Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, быйыл чек арачылардын айлыгы көбөйүп, ага 285 млн. сом бөлүнгөн. Муну менен чек арачылар Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен бирдей айлык алышууда.

- Чектеш аймактарды сактоодо бир гана чек арачылар эмес, жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Биз алар менен да чогуу иштөөгө аракет кылып жатабыз,- - деди өкмөт башчы.

Мындан сырткары келерки жылы милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү пландалып жатканы белгиленди. Парламент бүгүн 2014-жылдагы бюджет долбоорун талкуулап жатат.(КЕ)