"Филиппс", "Самсунг Электроникс", "Медиа-Сатурн" текшерилди

Еврокомиссиянын инспекторлору электрондук жана майда-барат үй тиричилик буюмдарын чыгарчу компанияларды текшерди. Philips, Samsung Electronics жана Media-Saturn компаниялары алар да текшерилгенин жума күнү жарыя кылышты.

Еврокомиссия түрдүү фирмалар бааны бийик кармоо үчүн өз ара макулдашып алып, кээ бир товарларды интернет аркылуу сатууну чектешкен деп шектенүүдө. Бул факт далилденсе, Евробиримдиктин атаандаштык боюнча жобосун бузган болот. Аталган үч компания тең комиссия менен кызматташаарын билдирип, башка түшүндүрмө беришкен жок.

Еврокомиссия 3-декабрдагы текшерүүнүн мазмуну тууралуу кеңири кабарлай элек. Эгер Евробиримдиктин эрежеси бузулганы аныкталса, мыйзам бузган фирмалардын глобалдык кирешесинин 10 процент өлчөмүнө чейинки суммада жазана салынышы мүмкүн.