Балыкчы: Катуу шамалдан жабыркагандар жок

Балыкчы шаарында кечээ саат 13:05тен баштап саат 20:25ге чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор катталган жок. (RK)