“Хезболланын” жетекчилеринин бири өлтүрүлдү

Хасан Хауло ал-Лакис шаршембиге караган түнү Ливандын борбору Бейруттун жанында атып өлтүрүлгөн. Чабуул үчүн исламчылар Израилди айыпташууда. Ал-Лакис шииттердин “Хезболла” тобунун лидери Хасан Насралланын жакын адамы болгон.

Израил 2006-жылы «Хезболла» менен Ливандын түштүгүндө согушуп, бир ай ичинде 1200дөй ливандык, 150дөн ашык израилдик жаран мерт болгон. (AiK).