Ош: Аянтка боз үй тигүүгө уруксат берилди

Келдибековдун тарапкерлерине Оштун борбордук аянтына боз үй тигүүгө уруксат берилди. Кабарчыбыздын айтымында, өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков митингчилердин атынан он чакты аксакалды кабыл алып, алар менен сүйлөшүү аяктагандан кийин эл алдына чыкты. Коюлган талаптарды борбордук бийликке жеткирээрин, боз үй тиксе болоорун айтты. Коррупция боюнча кылмышка шектүү деп кармалган депутат Акматбек Келдибеков эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Бүгүн Ошто анын бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Милициянын айтымында, чогулгандардын саны эки миңдин тегерегинде. Көз каранды эмес байкоочулар 4-5 миңдей, ал эми митингчилердин айтымында, 10 миңдей киши чогулуп турат. (ErN/RK)