Ошто Келдибековдун тарапкерлери митингге чыкты

Ушу тапта Ош шаарынын борбордук аянтында Келдибековдун 200дөй тарапкери митинг өткөрүүдө. Алар коррупцияга шектелип эки айга тергөө абагына камалган "Ата-Журт" партиясынан депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылууда. Милициянын айтымында, чогулгандардын саны 150нүн тегерегинде, ал эми митингчилердин өзүлөрү миңдей киши чогулганын айтууда. (ErN/RK)