Балдар экскурсиясы депутаттардын айынан токтоду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынындагы кайым айтышуудан улам парламенттин ишин көргөнү келген мектеп окуучулары залдан чыгып кетти.

Депутат Асия Сасыкбаева Кылмыш-жаза кодексиндеги “мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” беренелерине түзөтүү киргизүүнү “репрессиялык кадам” деп баалаган учурда анын пикирине Жылдызкан Жолдошева каршы чыгып, депутаттар кайым айтышкан. Алар бири-бирин Ош окуясынын чыгышына себепчи дегенге чейин барышты.

Парламенттин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева “Азаттыкка” билдиргендей, экскурсияга келген балдардын залдан чыгып кетишине депутаттардын урушканы себеп болгону чын:

- Бирок коркуп, залдан чыгып кетишти деп айтууга болбойт. Биз алар менен депутаттарды тааныштырып, алдыдагы иштерине ийгилик каалап узатышыбыз керек болчу, бирок андай болбой калды. Депутаттар кайым айтышып жаткан учурда кетип калышыптыр,- деди Алтыбаева.

Парламенттеги бүгүнкү талаш депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев менен Эристина Кочкорова тарабынан сунушталган Кылмыш-жаза кодексиндеги “мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” беренелерине түзөтүү киргизүү долбоорун карап жаткан учурда чыккан. (SE\ZB)