Саруулуктар Балыкчы-Каракол жолун ачышты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
7-октябрда Караколдо өткөн митинг маалында камалгандарды бошотуу талабы менен Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары бууган Каракол-Балыкчы жолу ачылды. Бирок саруулуктар эртең өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев Сарууга келип, жергиликтүүлөр менен жолукпаса, жолду кайрадан бууй турганын эскертишүүдө.