Шаардык кеңеш: Тыналиеванын маселеси 11-ноябрда каралат

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловдун “Азаттыкка” айтымында, депутат Үмүткан Тыналиеванын маселеси 11-ноябрда алгач Регламент жана этика комитетинде, андан соң сессияда каралат.

Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешине “Республика” партиясынан шайланган депутат Үмүткан Тыналиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну өтүнгөн кат жөнөткөн. Тыналиева өткөн жылдагы шаардык кеңештин шайлоосуна байланыштуу Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан "кылмыш жасоого аракет кылган" деген айып боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тыналиева өткөн жылдын 25-ноябрындагы шаардык кеңештин шайлоосунда добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн Бишкектеги эки мектептин жана бир бала бакчанын жетекчилерине 90 миң сом пара берген деп айыпталган болчу. Тыналиева өзүнө коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. (КЕ)