"Центерра Голд" менен сүйлөшүү уланат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Азаттыкка" курган маегинде алдыдагы эки ай ичинде кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү улантаарын айтты. 23-октябрда Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү же болбосо 2003-жылкы жана 2009-жылдагы келишимдерден бир тараптуу чыгуу боюнча мыйзам долбоорун даярдоону өкмөткө тапшырган. Г.Ашакеева/У.Асаналиев, 24.10.2013