Болгар "чоңколору" байырлаган жерде
Габрово эли тууралуу тамашалар көп жазылыптыр. Атургай атайы китеби да жарык көргөн. Чапчаңдыгын, тыңдыгын, чукугандай сөз тапкан айлакерлигин биздин чоңколорго окшоштурдум. Ал эми кыйынчылыкка моюн бербегендигин, кандай гана сыноо болбосун юмор менен жеңе билгендигин тоолук кыргыздарга салыштырдым.
Варна- Софиядан кийинки экинчи шаар. Деңиздин жээгинде болгондуктан көп жагынан алдыда болууну каалашат. Анткен менен такыр өнүгө албай келе жаткандарына он жылга аяк басты.
Алгач эле киргенде “Ким өз элинин маданиятын баалабаса, улут катары жоголот” деген бул жазуу көзгө урунат.
Жергиликтүүлөр биздей эле күнүмдүк жашоо үчүн күрөшөт. Көбү чет жерде. “Уурулар менен талап-тоногучтар гана жакшы жашайт” дешет өздөрү деле.
Риль монастры деңиз деңгээлинен 1147 метр бийиктикте жайгашкан. Маалымат булактарына таянсак, онунчу кылымга таандык бул жай Иван Рильский аттуу дербиштин күчү менен салынган. Ошол кылымдагы болгар падышасы Петр дербиштин кызматы үчүн ал курган бул керемет жай анын атында тарых катары түбөлүк сакталарын убада кылган.
Бул кийимди Иван дербиштики дешти.
Габрово-Болгариянын улуттук колоритин сактап турган борбор десе болот. Бул жер тоолуу аймак болгондуктан жер-шарты катаал, эли кыйынчылыкка ылайыкташкан. Анан өтө куудул,айлакер дешти.
ЭТЫР деп аталган бул борбор Габроводо. 1964-жылы курулганда байыркы Болгарияны элестетип турсун дешкен.
Бул айылдын мышыктарынын баарынын куйруктары кесилген. “Анткени мышык эшиктен кирип баратып дайым босогодо куйругун сырт жакка булгалап туруп алат. Бул убакта үйдүн жылуулугу бүт кетип, казынага күч келиши мүмкүн" деп түшүндүрүштү.
Таар соккон айым
Эчкинин жүнүн минтип ийрип туруп анан согот.
Ашканасына баш бактык. Нан бышырган тандыр.