Лондондо антитеррордук операция уланууда

Улуу Британиянын полициясы – Скотланд-Ярд 14-октябрда терроризмге шектүүлөрдү издөө операциясын улантарын маалымдады. Скотланд-Ярддын Терроризмге каршы күрөшүү кызматкерлери 13-октябрда башталган атайын операциянын алкагында Лондондогу алты даректе дүйшөмбүдө тинтүү амалдарын жүргүздү.

Терроризм мыйзамынын 41-беренесине ылайык “Террористтик актты даярдоого, аткарууга камынган же террористтик актты шыктандырган” деген кине менен 13-октябрда төрт адам кармалган. Алардын бири азери тектүү британ жараны.

Кармалгандардын бирөө 28 жаштагы Уэстборн гроув көчөсүндө кармалган Азербайжанда туулуп, британ жарандыгын алган адам. Калгандары Британиянын 25 жаштагы түрк жана алжир тектүү, жана 29 жаштагы пакистан тектүү жарандары.

Операция шектүүлөрдүн баары кармалганга чейин уланат. Соңку жумада Лондондо коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (BAz)