Караколдо кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат

Ушул тапта Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 7-октябрда Караколдогу митингден кийин кармалган 23 кишинин баш коргоо чарасын кароодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын адвокаты билдирди. Ишти судья Субанкулов кароодо.

Бүгүн күндүзү Сарууда болгон жолугушууда айыл башчы Талчын Меңдибаев кармалгандардын сегизи бошотуларын билдирген.

7-октябрда Караколдогу митингден кийин 23 киши кармалган. Алардын 17си Бишкекте УКМКнын тергөө абагында жатат. Көбү Саруу айылынын тургундары.

Облустук прокуратура 7-октябрда митингдеги мыйзам бузуулар (бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылган. (ZKo)