Аксыда эл топтоло баштаганы айтылууда

Кербендеги райондук администрациянын жанына нааразылык акциясын өткөрүү үчүн эл топтоло баштаганы айтылууда. Анын уюштуруучуларынын бири Баатырбек Кыдыев учурда 50дөй адам бар экенин, бирок митинг баштала электигин “Азаттыкка” билдирди. Бирок акимдин орунбасары Шайлообек Кубатбеков аянтка адамдар келе электигин айтууда.

Бүгүн Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгаруу жана аймакты тактап, толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы менен митинг болоору кабарланган.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосундагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш 20-сентябрдан бери курч бойдон турат. Өзбек чек арачылары станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Андан соң жанына кыргыз аскерлери жайгаштырылган. Бул боюнча 30-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолуккан. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, бул жолугушууда Өзбекстан бүгүн кечке чейин аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген. (SE)