Босния-Герцеговинада эл каттоо башталды

Мурда Югославиянын катарына кирген жумуриятта эл каттоо 20 жылдан ашык мезгилден бери өтө элек болчу.

Өлкөдө кайсы улуттун канча өкүлү бар экендиги аныкталса, бул өлкөдөгү башкы үч улуттук топ болгон мусулман, серб жана хорваттар ортосунда бийлик бөлүшүү келишимине таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мындай кооптонууну мойнуна алган Сараевонун тургуну, пенсиядагы Сафета Радзо "эгер мен өзүмдү баланча десем, анда мени «беркилердин», түкүнчө десем «аркылардын» катарына кошуп салышат. Айтпай койсом, анда да кыйын" деди.

1990-жылдардагы согуш мурдагы Югославияда улуттук терең бөлүнүп-жарылууга алып келген.