Диний лидерлердин түйүнү түзүлөт

Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустарында диний лидерлердин түйүнү түзүлөт.

Долбоордун максаты - тынчтык курууда диний лидерлердин ролун жогорулатуу. Ал “Эл аралык толеранттуулук үчүн" уюму тарабынан сентябрдан тарта ишке аша баштады.

Уюмдун Оштогу филиалынын жетекчиси Асел Жуматаева “Азаттыкка” билдиргендей, дин коомдун негизги ишеним булагы болгондуктан, талаш маселелерди жоюуда, чыр-чатактарды чечүүдө дин өкүлдөрүнүн насааттары натыйжа бериши мүмкүн.

Долбоордун алкагында молдолор, диний топторду башкарган аялдар коомчулук менен иштейт. Аймактарды кыдырып, тажрыйба алмашат. Алардын катышуусунда ымала куруу боюнча телерадиоберүүлөр даярдалып, обого чыгарылат.

Бир жылдык долбоор АКШнын демократиялык комиссиясы тарабынан каржыланууда. (SE)