Бо Силай өмүр аягына чейин кесилди

Кытайдын соту саясатчы Бо Силайды өмүр аягына чейин эркинен ажыратты.
Коммунисттик партиянын саясий бюросунун мурдагы мүчөсү, Чунцин шаардык компартиясынын жетекчиси коррупция, коз боёмочулук жана кызматынан кыянат пайдалануу үчүн айыптуу деп табылды. Тергөөчүлөр Бо Силайдын 4 жарым миллион долларды мыйзамсыз жол менен алганын аныкташкан. Былтыр анын жубайы британиялык ишкерди өлтүрүүгө тиешеси бар деп өлүм жазасына өкүм кылынган.
Март айында Бо Силай бардык кзыматтарынан алынып, депутаттык мандатынан ажыратылган. Сот процесси августтун аягында башталган. Бо Силай бардык дооматтарды четке кагып келди.

Айыпталуучунун апелляциялык арыз берүү укугу бар.