Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, аталган министрлик Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун аткаруу үчүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу кабарлама жөнөткөн.
Жогорку Кеңеш 15-майда орусиялык саясатчы, Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновскийди “персона нон-грата” жарыялап, Кыргызстанга келишине тыюу салган. Мындай сунушту депутат Жылдыз Жолдошева көтөрүп, жыйынга катышкан 100 депутаттын 67си колдоп берди. Мындай чечимге Жириновскийдин Кыргызстанды кемсинткен, каралаган билдирүүлөрү негиз болду.
Ага чейин Жириновский орус бийликтеринин Кыргызстандын карызын кечишине каршы болуп, анын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деп билдирип чыккан. (BkA)