Өкмөт башчы Нарында жүрөт

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жумуш сапары менен Нарын облусунда жүрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, өкмөт башчынын иш-сапары кечээ башталып, Молдо Кылыч айылындагы мектептин ачылышы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушу менен таанышты. Андан сырткары, Кара-Саз айыл округунда эл менен жолугуп, кышка даярдык тууралуу сүйлөштү.

Сатыбалдиев бүгүн эгемендиктин 22 жылдык маарекесине арналган иш-чарага катышат. (SE)