Бул туурасында “Азаттыкка” “Кыргыз Ата” партиясынын лидерлеринин бири Төлөгөн Келдибаев билдирди.
Бүгүн алар Кара-Сууда шаардык кеңешке болгон шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылык билдирип, Ош шаарында митингге чыгышмак. Бирок шаар аянтында Кыргызстандын эгемендик күнүн майрамдоо боюнча окуучу-студенттер даярданып жаткандыктан иш-чара болбой калды. Ушул тапта алар нааразылык акциясын кандай формада өткөрүүнү талкуулап жатышат.
18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Анын жүрүшүндө Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда чатак чыгып, ок атылган. Чатактан 3 адам жабыркап, бирөө ооруканада. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ок атты, бычак сайды делген эки кишини камакка алды.
Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча 50 пайыздан ашык добуш топтоп, КСДП партиясы алдыда келатат. Кийинки орундарды “Өнүгүү” жана “Бир бол” партиялары ээлөөдө. Учурда добуштар толук саналууда. Арыз-даттануулар үч күн ичинде каралып, толук жыйынтык ошондо чыгарылат.(AzK)