Ысык-Ата: вице-премьер мушташка күнөөлүүлөрдү жазалоону тапшырды

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, бүгүн вице-премьер- министр Токон Мамытов Ысык-Ата районунда жашаган дунган диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугууда Дружба айылындагы кыргыз жана дунган улутундагы жаштардын мушташы талкууланды. 11-августта болгон чырдын кесепетинен дунган улутундагы төрт жаран ооруканага түшкөн. Бул окуя боюнча Токон Мамытов күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартуу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.(BkA)