Орусиянын тиешелүү органдары кыргызстандык энелер калтырган 13 ымыркайды алып кетүүнү сурап элчилик аркылуу өкмөткө кайрылган, учурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды алып келүүгө каражат издөөдө. Бул тууралуу министрликтин балдарды коргоо башкармалыгы маалымдайт. Маалыматка ылайык өткөн жылы бул үчүн атайын өкмөттүн резервдик корунан 1 млн. сом бөлүнүп, Орусияда кыргызстандык энелер төрөп, калтырган 21 наристе алып келинген. Быйыл каражат жетишсиздигинен ага акча каралган эмес.
Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстандын өзүндө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эле энелери төрөп, таштап кеткен балдардын саны 300гө чукул. Иликтөөлөргө ылайык төрөп, баласын таштап кеткен энелердин 70% ашууну күйөөсү жок төрөгөн.(ZKo)