Балдар арасында жугуштуу ичеги оорулары көбөйүүдө

Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдар арасында жугуштуу ичеги-карын оорулары көп катталууда. Дарыгерлердин айтымында, жарым жыл ичинде 6700 бала ооруду. Алардын дээрлик көпчүлүгү 2-5 жашар балдар. Жалпысынан жарым жылда ичеги-карын илдетине чалдыккандардын саны 8 миңден ашты. Былтыркы жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүчкө салыштырганда бул 17 пайыз аз. Айрыкча Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында ооругандар көп. (RK)