Турсунбек Акун акыйкатчы сынагын токтотууга аракет кылууда

Бул тууралуу Турсунбек Акун өзү “Азаттыкка” билдирди. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго акыйкатчы кызматына жарыяланган сынакты сот бүткөнгө чейин токтотуу тууралуу кат жазган. Бирок жооп келе элек. Укук коргоочу Турсунбек Акун эми райондор аралык сотко сынакты токтотуп берүү өтүнүчү менен кайрылганы жатат.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Турсунбек Акунду акыйкатчы кызматынан алган. Ага чейин депутаттык комиссия акыйкатчынын ишмердүүлүгүн текшерип, аны кызматтан алууну сунуштаган. Комиссиянын чечимин мыйзамсыз атаган укук коргоочу Бишкектеги райондор аралык сотко берген. Анын айтымында, сот 16-августта өтөт.

Асылбек Жээнбеков сот ишти четке какканын билдирген.

Жогорку Кеңеш депутаттары акыйкатчынын ишмердүүлүгүн текшерген комиссия корутундусунун негизинде Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошоткон. Аталган депутаттык комиссия өз корутундусунда акыйкатчыны "криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине, айрым каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыптаган. (AKu)