Ош – Баткен – Исфана жолунун кезектеги бөлүгүн оңдоо башталат

Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоо долбоорунун алкагында бүгүн кезектеги бөлүгүндө курулуш иштери башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Унаа жана байланыш министрлигинен кабарлашты.

Аталган жолдун жалпы узундугу 360 чакырым. Анын Пүлгөндөн Баткенге чейинки 120 чакырымы мурда оңдолуп бүткөн.

Курулушу бүгүн башталып жаткан бөлүк Жаңы-Жер айылынан Исфанага чейинки аралыкты камтыйт. 91 миллион долларлык каражатты Кытайдын Экспорт-импорт банкы бөлүп берген. (RK)