Универсиадада уткан балбандардын биринчи тобу мекенине кайтып келди

Орусиянын Казан шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада бел күрөш боюнча ийгилик жарата алган кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди. "Манас" аэропортунан аларды жакындары, күйөрмандары жана демөөрчүлөрү сый-урмат менен тосуп алды. Мыкты балбандарды ак лимузин машинасына отургузуп шаарга алып келишти.

Универсиада 6-июлда башталган, 17-июлда жыйынтыкталат. Азырынча Кыргызстандан барган топто 10 медал бар. Алардын тогузун бел күрөш командасы утуп алды - экөө алтын, бир күмүш жана алты коло. Жеңүүчүлөрдүн экөө кыздар. Алтын алгандар - Нурбек Кожобеков жана Нурбек Аканов.

Универсиадага Кыргызстандан спорттун 11 түрү боюнча 98 спортчу жөнөп кеткен. (UA/RK)