Ооганстанда 2014-жылдан кийин канча америкалык аскер каларын президент Барак Обама али чече элек. Ак үйдүн өкүлү Жей Карнинин билдиришинче, Обама караган сценарийлердин биринде Ооганстанда бир да жоокер калтырбоо жагы да каралат. Бирок 2014-жылдан кийин калчу аскерлердин саны Ооган өкмөтү менен сүйлөшүлөт, деп кошумчалады ал жана “Аскер калтырбоо мүмкүнчүлүгү дайыма каралып жүргөн. Бул - аскерлердин санына эмес, саясий максатка жана аны жакшы ишке ашырууга байланыштуу жараян. Эгер биз саясий максаттан улам аскер калтырабыз деп чечсек, ал боюнча Ооган өкмөтү менен макулдашабыз”, - деди.
Жей Карни билдирүүнү Барак Обаманын кеңсеси менен президент Карзайдын өкмөтү арасындагы араздашууга байланыштуу Вашингтон Ооганстандан бардык аскерин чыгарып кетет деген маалымат булактарынын кабарынан соң жасады.
Хамид Карзайдын өкүлүнүн айтышынча, аскер калтырбоо боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.