Ооганстанда төрт секелек кыз минага кабылып өлдү

Ооганстанда үйлөнүү тою маалында минаны басып алып, төрт секелек кыз апаат болду. Хелманд провинциясынын жетекчилигинин маалымдашынча, мина 7-12 жаш курагындагы кыздар дарыядан суу сузуп жатканда жарылган. Ооган бийликтери бомба чабуулу үчүн талиптерди күнөөлөдү.

Хелман провинциясы Ооганстандагы эң коогалуу аймак деп эсептелет. Козголоңчулар өкмөттүк кызматкерлерге жана коалициялык күчтөргө каршы миналарды көп коёт. Андан жарандар жабыркаган учурлар көп кездешет.

Өткөн алты айда, БУУнун билдиришинче, Ооганстанда минадан 2, 5 миңге жакын адам өлдү жана карапайым жарандар арасындагы жоготуулар 24 процентке өскөн. Катардагы жарандар арасында өлгөндөрдүн 20 проценттен көбү балдар.